Укук коргоочу ЖК төрагасы мыйзамды аткарсын деп прокуратурага кайрылды

Дастанбек Жумабеков

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун координациялык кеңеши "Жогорку Кеңеш мыйзам талаптарын аткарбай жатат" деп Башкы прокуратурага кайрылды.

Бул тууралуу аталган координациялык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучусу Уткир Жаббаров “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, кыйноолорду алдын алуу борборунун координациялык кеңеши эң жогорку органы болуп саналат. Анын курамы 11 мүчөдөн туруп, алардын сегизи бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, экөө депутат жана акыйкатчы кирет.

Жаббаровдун айтымында, Координациялык кеңеш 2017-жылдан бери жыйынын өткөрө албай келет. Буга комиссияга мүчө депутаттар улам өзгөрүп, жыйынга катышпай жатканы себеп болууда.

Ал эми мыйзам боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссияны парламент бекитет. Бирок парламент бул маселеге көңүл бурбай келе жатат.

Жаббаров бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго бир нече жолу кайрылып, бирок майнап чыкпай жатканынан кошумчалады.

Ошондуктан, Башкы прокуратурага кайрылып, парламенттин мыйзамды аткаруу жоопкерчилигин кароону суранды.

Азырынча бул маселе боюнча парламент менен Башкы прокуратура расмий маалымат бере элек. (BkA)