Ливанда өкмөткө каршы нааразылык күчөдү

Бейруттагы өкмөткө каршы демонстрациялар. 20-октябрь, 2019-жыл.

Жекшембиде Ливанда түмөндөгөн адамдар коррупцияга жана салыктардын жогорулашына каршы акцияга чыгып, өкмөттүн кетишин талап кылышты. Толкундоо 16-октябрда бийликтин «WhatsАpp» жана башка социалдык тиркемелер аркылуу телефон чалууга салык киргизүү боюнча чечимине каршы башталган. Тиркемелерден чалууга айына алты доллар өлчөмүндөгү салык киргизүүнү көздөгөн бийлик аны жокко чыгарганы менен демонстрациялар уланууда.

Демонстранттар эми өлкөдө күч алган коррупцияга да каршылыгын билдиришип, саясий системанын толук жаңыланышын жана инфратүзүмдүн жакшырышын талап кылып жатышат.

Өлкөнүн премьер-министри Саад Харири бийликтеги коалицияга 72 саат берип, дүйшөмбү күнгө чейин кризистен чыгуу жөнүндө сунуш киргизүүнү тапшырган.