Президент Сооронбай Жээнбеков 20-октябрда иш сапары менен Жапонияга учуп кетти.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков Жапониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Жапон премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуу да пландалган.
Өлкө башчы мындан тышкары Жапониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана ал жакта жашаган, окуп, иштеген кыргызстандыктар менен жолугушат.
Жапониянын өкмөт башчысы баштаган жоон топ делегация Кыргызстанга 2015-жылы келип кеткен.
Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алакалар 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн.