Бишкек драма театры Казакстанда өткөн фестивалда сыйлыкка татыды

Бишкек шаардык драма театрынын актёрлору

Казакстандын Караганда облусуна караштуу Жезказган калаасында режиссёр Жанат Хаджиев атындагы III эл аралык театрлар фестивалында Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры «Эң мыкты актёрлук ансамбль» деген сыйлыкка татыды.

Бул тууралуу аталган драма театрдын актёру Курманбек Ниязбеков билдирди. Маалыматка караганда, сынак 15-октябрда башталып, 19-октябрда жыйынтыкталган.

Фестивалда Өзбекстандын, Тажикстандын жана Казакстандын да бир нече профессионал театрлары ар кандай спектаклдерди калыстардын, көрүүчүлөрдүн сынына коюшту.

Бишкек шаардык драма театры драматург Жан Ануйдун «Оркестр» пьесасынын негизинде коюлган «Сфорцандо» спектаклин тартуулады. Фестивалда театрдын актрисасы Жайна Абдусалам кызы «Экинчи пландагы аялдын мыкты ролу» номинациясын жеңди. (BTo)