Красноярск крайында дамба жырылып ондон ашык адам өлдү

Орусиянын Красноярск крайында Сейба дарыясында дамба жырылып ондон ашуун адам өлдү. 13 киши дайынсыз болуп, дагы 10дон ашык адам жараат алды. Суу алтын казган компаниянын жумушчулары жашаган жатаканаларды каптап кеткен.

ТАСС агенттиги 13 киши каза болгонун жазса, "Интерфакс" 12 адам өлгөнүн кабарлады. Андан тышкары жумушчалар жашаган жатаканаларда 80дей адам болушу мүмкүн экени айтылууда.

Дамбадагы авариядан кийин толкундун бийиктиги төрт метрге чейин жеткен. Кырсык болгон аймакка куткаруучулар кетишкени жана Щетинкино айылынын тургундарын эвакуациялоо иши башталганы маалым болду.

Аймактык тергөө комитетти «жумуш учурунда коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан эки же андан ашык курмандыкка алып келүү» деген берене менен кылмыш ишин козгоду. (BTo)