ЕБ Албания жана Түндүк Македония боюнча бир келишимге жетишкен жок

Брюсселдеги Евробиримдиктин лидерлеринин саммити. 17-октябрь, 2019-жыл.

Евробиримдиктин лидерлери Брюсселдеги саммиттин биринчи күнүндө Түндүк Македония менен Албаниянын шаркетке мүчөлүгү боюнча бир бүтүмгө келе алышкан жок.

- Бүгүн эч кандай жыйынтыкка келген жокпуз. Бир макулдашууга жетишебиз деген үмүттөмүн, - деди Финляндиянын премьер-министри Антти Ринне 18-октябрь күнү эртең менен.

Франция, Дания жана Нидерланд Батыш Балкан өлкөлөрү биримдикке кирүүгө даяр эмес экенин ырастап жатышат. Франциянын Европа иштери боюнча министри Амели де Моншалин Албания менен Түндүк Македония алар талап кылган реформалардын бардыгын өткөрө элек экенин билдирди.

Нидерланддардын премьер-министри Марк Рютте Евробиримдиктин лидерлери бул суроону кийинки самиттте талкуулашаарын айтты.

Шаркеттин министрлери ушуну менен үчүнчү жолу бул суроо боюнча бир макулдашууга жетишкен жок. Буга чейин Батыш Балкан мамлекеттеринин мүчөлүгү боюнча маселе былтыр жана быйыл июнь айларында көтөрүлгөн. Германиянын канцлери Ангела Меркел 17-октябрда Берлинде сүйлөп жатып, Евробиримдиктеги кызматташтарын сөз болуп жаткан эки мамлекеттин шаркетке кошулушун тездетүүгө чакырды.