Мигранттардын кесиптик кошуундар бирикмесинин I курултайы Исфанада өттү. Анда бирикменин төрагалыгына Жамалидин Эшанкулов шайланып, уставы кабыл алынды.
Мигранттар кесиптик кошуундар бирикмесине мүчөлүк үчүн айына 20 сомдон төлөмөк болушту.
Учурда бирикменин эки миңден ашуун мүчөсү бар. Жыйында Эмгек мигранттарынын кесиптик кошуундар уюму менен Орусиянын «Новые профсоюзы» кесиптик бирикмесинин ортосунда кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлду.
«Новые профсоюзы» бирикмесинин төрагасы Иван Милых соңку жылдары Орусиянын аймагында иштеп жаткан кыргызстандыктардын укугуна байланышкан маселелерде көмөк көрсөтүлүп жатканын билдирди.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда. (SA)