Шаардык сот эркиндикке коё берген Алмаматовдун ишин Жогорку cот карайт

Насирбек Алмаматов.

Насирбек Алмаматов.

Бишкек шаардык сотунун чечими менен 12,5 жылга кесилген жаза өтөө мөөнөтү өзгөртүлүп, айып пул төлөп эркиндикке чыккан Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовдун иши Жогорку сотто каралат. Бул тууралуу аталган органдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз менен кайрылган. Бул арыз 30-октябрда Жогорку сотто каралмакчы.

Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, атайын видеотасманы да жарыялаган.

Бул иш боюнча Бишкектин Октябрь райондук соту Насырбек Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан болчу.

Бирок быйыл 9-июлда, Бишкек шаардык соту Алмаматовго карата райондук соттун чечимин жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен эркиндикке коё берген.

Соттун мындай чечими өткөн аптада гана маалымат каражаттарына белгилүү болгон. Мындан соң коомчулукта талкуу жаралып, өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш боюнча нааразылыктар айтылган.

Бул өкүм боюнча Алмаматов жана анын адвокаттары эч кандай комментарий берише элек.(BkA)