АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен президент Дональд Трамптын жеке адвокаты Рудольф Жулиани 15-октябрда президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында Эл өкүлдөр палатасы менен кызматташпай турганын билдиришти.
Пенс өзүнүн адвокаты аркылуу Конгресс сураган Украинага байланыштуу документтерди бербей турганын айтты. Жулиани да конгрессмендерге ушундай эле жооп кайтарды.
Анын жактоочусу Өкүлдөр палатасынын юристтерине жиберген катта мындай иликтөө мыйзамсыз экени жазылган жана Жулианинин Укрианадагы иши тууралуу маалымат сыр бойдон сакталары белгиленген.
Мунун алдында, 15-октябрда Конгрессте үч комитеттин жабык жыйынында импичмент маселесинин алкагында алгачкы жогорку даражалуу дипломат - мамлекеттик катчынын жардамчысынын Украинага жооптуу орун басары Жорж Кент көрсөтмө берди.
Ага чейин Дональд Трамптын Орусия жана Чыгыш Европа боюнча мурдагы кеңешчиси Фиона Хилл конгрессмендердин суроолоруна жооп берип жатып, Вашингтондун Киевге карата саясатындагы «алешемдиктер» тууралуу айтканы белгилүү болгон жана ал көрсөтмөсүндө Трамптын жеке адвокаты Рудольф Жулианинин да атын атаган.
АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына чейин жеткирген саясий жаңжал Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин телефон сүйлөшүүсүнө байланыштуу башталган. Анда Трамп Зеленскийден өзүнүн башкы саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулунун Украинадагы иш-аракеттери иликтениши керек экендигин айтканы белгилүү болгон.
Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Трампты «кызмат абалынан аша чапты» деп айыптап, импичмент жарыялоо жараянын баштаган. Кошмо Штаттардын президенти болсо дооматтар негизсиз экенин айтып келет.