Теңирчилер диний уюм катары каттоодон өтүүгө кайрадан арыз бере элек

Сүрөттө теңирчи Кубанычбек Тезекбаев.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов теңирчилер диний уюм катары каттоодон өтүү тууралуу арыз менен кайрылса, мамлекеттик комиссия аны кайра карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Ал бул тууралуу 16-октябрда Жогорку Кеңеште «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда айтты.

-Теңирчилер ушундай эле арыз менен буга чейин да кайрылган. 2016-жылы «булардын ишин терең карап чыккыла» деген соттун чечими чыккан. Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде «диний уюм катары каттоого мүмкүн эмес» деген жыйынтык чыккан. Алар бүгүнкү күндө кайрадан документтерин тапшыра элек, - деди Эргешов.

Буга чейин Кыргызстанда теңирчиликти диний уюм катары каттоодон өткөрүү маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү расмий каттоодон өтмөйүнчө теңирчиликти үгүт кыла албай жатканына нааразы болуп келишет.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия эксперттик топтун корутундусуна таянып, теңирчиликти дин катары каттоодон баш тартып келет.

Бүгүн парламентте андан тышкары саентология боюнча да сөз болду. Зайырбек Эргешов Кыргызстанда саентология жок экенин, 2012-жылы Дин иштери боюнча комиссия алардын ишине тыюу салуу тууралуу кабар бергенден кийин, алар ишин толук токтотконун маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, өлкөдө соттун чечими менен 20 экстремисттик уюмдун ишине тыюу салынган. (BTo)