Ошто уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү кармалды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» катары каттоодо турган, «Казак» аттуу каймана аты бар М.У. аттуу жаран Ошто камакка алынды.

Бул боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык Ош шаардык соту 12-октябрда анын баш коргоо чарасын карап, бир айлык мөөнөткө абакта кармоо боюнча чечим чыгарды.

Кылмышка шектүү 23 жаштагы жаранга күч колдонуп, кыйнаганы үчүн кармалган. Бул фактыны иликтөө учурунда 16 жаштагы кызды күч колдонуп токмоктоп, зордуктагандыгы тууралуу арыз катталган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул факты боюнча дагы кошумча териштирүү иштери башталганын билдирди. (MdN)