Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм көп кабаттуу үйдөн боюн таштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Никитин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жетинчи кабатынан 14 жаштагы өспүрүм секирип кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя 11-октябрда болгон. Аталган өспүрүм алган жаракатынан улам эсине келбей каза тапты. Учурда өспүрүм мындай окуяга кабылышына эмне себеп болгону аныкталууда.

Айрым маалымат каражаттары каза болгон өспүрүм достору менен бирге дүкөндөрдүн биринен шоколад уурдаганы билинип калган соң ушундай кадамга барганын жазып чыккан. Бирок мындай маалыматты милиция бышыктай элек. (BkA)