Батукаев боюнча сотко келүүдөн Атамбаев экинчи ирет баш тартты (видео)

Архивдик сүрөт.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун баштапкы отурумуна келүүдөн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы бир жолу баш тартты.

Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди. Ал Атамбаевге бүгүн эртең менен жолукканын жана мурдагы президент тергөө изоляторунун жетекчилерине сотко барбай турганы боюнча арыз жазып бергенин кошумчалады.

- Алмазбек Шаршенович «сот жана күч органдары мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен бийликтин тапшырмасын аткарып жатат. Ошондуктан ал сотко катышпайм» деп айтты. Негизи мыйзамга ылайык айыпталып жаткан адам сотко катышууга тийиш. Бирок Жазык-процесуалдык кодекстин 275-беренесине ылайык айыпталуучу «ишти менсиз эле карай бергиле» деп кайрылса баштапкы соттук жыйындарды айыпталуучунун өзү жок эле же башкача айтканда Алмазбек Шаршеновичтин катышуусу жок эле карай берсе болот. Биз Алмазбек Шаршеновичтин адвокаттары бүгүн соттон «ал кишинин өзү жок эле сотту өткөрө бергиле» деген өтүнүч келтиребиз, - деди Жоошев.

Жактоочу кошумчалагандай, эгерде сот алардын өтүнүчүн канааттандырбаса Алмазбек Атамбаев сотко мажбурлоо жолу менен жеткирилиши мүмкүн.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Бишкекке атайын коштоо менен жеткирилген соң Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 15тен ашык мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иши козголгон 14 адам тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан алардын макамы өзгөртүлгөн.

Учурда «Коррупция» беренеси боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө.

Буга чейин 11-октябрга белгиленген баштапкы отурум Атамбаевдин келбегенине байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган. (BkA/BTo)