Акыйкатчы институтунун укугун кеңейтүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун ыйгарым укуктарын кеңейтүү сунушталууда. Жогорку Кеңеште Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.

Эгер сунуш колдоо тапса, акыйкатчынын орун басарларына жана анын аппаратынын кызматкерлерине жабык жайларга тоскоолдуксуз жана атайын уруксатсыз кирүү укугу берилет.

Мыйзам долбоорунун автору, депутат Дастан Бекешовдун пикиринде, бул акыйкатчынын жабык мекемелерге мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Алар түзөтүү мекемелерине видео-фото жабдыктарын атайын уруксатсыз алып өтө берсе болот.

Азыркы мыйзамдар боюнча Кыргызстанда абактарга каалаган убакта кирип, ал жакта кармалып отурган адамдардын абалына жана шартына мониторинг жүргүзүү укугу Кыйноолорго каршы борбордо, акыйкатчынын өзүндө жана Координациялык кеңеште бар.

Укук коргоочулардын айтымында, кылмышка шектүү катары кармалган адамдардын көбү милициянын убактылуу кармоочу жайынан жана тергөө абагынан кыйноого кабылат. Ички иштер министрлиги мындай көрүнүштөр жок эмес экенин, кыйноого барган кызматкерлерге чара көрүлөрүн айтып келет. (RK)