Тарыхта ачык космоско биринчи болуп чыккан Алексей Леонов 85 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал 1965-жылдын март айында «Восход» кемесинен чыгып, 2 мүнөт 9 секунда ачык космосто болгон.
1975-жылдын июль айында советтик жана америкалык «Союз-Аполлон» экспедициясына катышкан. СССРдин эки жолку баатыры Леонов сүрөтчү катары да таанылган. Акыркы жылдары космонавттын ооруп жүргөнү кабарланган. Леоновдун сөөгү 15-октябрда Мытищидеги федералдык аскердик көрүстөнгө коюлат.