Футбол тааласына чуркап чыккан күйөрман үчүн федерация жазаланат

Кыргызстан-Мьянма курама командаларынын беттеши.

ФИФА футбол боюнча Кыргызстан-Мьянма курама командаларынын беттеши учурунда оюн талаасына чуркап чыккан күйөрман үчүн Кыргызстандын Футбол федерациясына чара көрөт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» федерациянын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова билдирип, бирок ал кандай жаза болушу мүмкүн экени азырынча белгисиз болуп жатканын айтты.

2015-жылы Кыргызстан менен Австралиянын футболчуларынын беттешинде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго көрүүчүлөр батпай баш аламандык болгон. Угрюмованын маалыматы боюнча, анда ФИФА Кыргызстандын Футбол федерациясына 28 миң доллар айып пул салган.

- Анда орундуктарга күйөрмандардын ашыкча отурушу, оюн талаасына ыргытылган бөтөлкөлөр жана оюн талаасына чуркап чыккан күйөрман үчүн айып салынган, - деди Угрюмова.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында 10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманы 7:0 эсеби менен утту.

Бишкекте өткөн беттеште кыргыз футболчулары Эдгард Бернхардт хет-трик жасаса, Алимардон Шүкүров атандаш дарбазасына эки гол, Гүлжигит Алыкулов менен Валерий Кичин бирден гол киргизишти. (BTo)