Абылгазиев чет өлкөдөн жылына 5 млрд. долларга чейин инвестиция тартса болорун айтты

Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эл аралык институттардын изилдөөлөрүнө таянып, Кыргызстан жылына 2,5 млрд. доллардан 5 млрд. долларга чейин түз чет элдик инвестиция тартуу потенциалына ээ экенин айтты.

Өкмөт башчы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө экенин, ВСП+тагы артыкчылыктарын эске салып, батыш тараптан жалпы калкы дээрлик 700 миллион адамды түзгөн рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди:

- Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстандын 1,5 млрд. калкы бар Кытай менен болгон тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү акыркы жылдары жогорулады. Мындан тышкары 1,4 млрд. калкы бар Индия менен карым-катнаш да жакшырууда.

Анын маалыматына караганда, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча түз чет элдик инвестициянын агымы дээрлик 40%га көбөйгөн, ал эми 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 60% жеткен.

Тышкы соода балансынын тартыштыгы 450 млн. долларга азайган. Премьер-министр бул начар көрсөткүч экенин айтты. Ал өкмөт ички ресурстардын, бюджеттин ашыкча чыгымдарын кыскартуунун эсебинен өлкөгө келген инвестициялардын агымын турукташтырууга жетишкенин кошумчалады. (BTo)