Ардагер балбан Бердикул Караев дүйнө чемпионатында күмүш байге алды (видео)

Бердикул Караев дүйнө чемпионатынын жарым финалдык таймашында. 8-октябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандык ардагер балбан Бердикул Караев ушул күндөрү Грузияда өтүп жаткан күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге алды.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Караев 8-октябрда грек-рим күрөшүнөн 56 жаштан 60 жашка чейинкилер арасында 88 килограмм салмакта күч сынашып, үч жолу таймаш өткөрдү.

Караев алгач 8-октябрда чейрек финалда венгриялык Кароли Ласзло Шейцлди (4:0), жарым финалда Фарамарз Ражаб Боудахини 6:0 эсебинде жеңди. 9-октябрда уланган алтын байге үчүн таймашта германиялык Вильгельм Шроедерге жеңилип, 2-орунду ээледи.

Жарым финал. Бердикул Караев (Кыргызстан) - Фарамарз Ражаб Боудахи (Иран) 6:0

Бул салмакта кыргызстандык дагы бир ардагер балбан Оңолбек Асанов да күчүн сынап, алгачкы беттешинде германиялык балбанга жеңилип байгесиз калды.

Грек-рим күрөшү жана эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты 8-октябрда Грузиянын Тбилиси шаарында башталган. Мелдештер 13-октябрга чейин уланат.

Бул дүйнө чемпионатында 41 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында грек-рим күрөшүнөн 70 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коло байгенин ээси болду. (ECh)