Караколдо 33 млн. сомго салынган Абдрахманов көчөсү ачылды

Караколдо ишке берилген автоунаа жолу.

Каракол шаарындагы Абдрахманов көчөсү капиталдык ремонттон өтүп, расмий ачылды. Жолду ачуу иш-чарасына эл менен бирге өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев катышты.

- Жолдун курулушу 22-июнда башталган. Курулушчулар ишти мөөнөтүнөн бир жарым ай эрте бүтүрүп, шаардын 150 жылдыгына белек болду. Бардык талаптар сакталып, жол сызымдары чийилип, эки жол чырак орнотулду. Негизинен биз туризмди өнүктүрүүдө биринчи инфратүзүмдү жакшыртышыбыз керек. Быйыл шаардын төрт жеринде жаңы жолдор жасалып жатат, - деди Осмоналиев.

Автоунаа жолу республикалык бюджеттин эсебинен жасалды. Аны СМУТТ ишканасы 33 млн. 553 миң сомго бүтүргөн. (KS)