Өкмөт Самат Курманкуловдун дарылануусуна каражат бөлөт

Самат Курманкулов.

Кыргыз өкмөтү Москвада дарыланып жаткан Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1 млн. 298 миң сом бөлөт. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2-октябрда кол койгон.

Ага ылайык акча Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылга карата бекитилген бюджетинен бөлүнөт.

Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жаракат алган. Бир нече күн комада жатып, 11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.

Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо ага кошумча анализдер дайындалып, жабырлануучуну аталган борбордун дарыгери, академик Александр Потапов бир сыйра кароодон өткөргөн.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев сентябрь айынын башында Курманкулов эсине келип, өз алдынча дем ала баштаганын жана кадимки палатага которуларын айткан. (BTo)