Эки адамдын өлүмү үчүн шек саналган адамга эл аралык издөө жарыяланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусундагы «Хан-Теңири» лагеринде эки кишини өлтүрүп, бир адамды барымтага алды деп шек саналган Сергей Смирновго эл аралык издөө жарыяланды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

- Шектүүнү кармоо мүмкүн болбой жаткандыктан, ар кандай ыкмалар иштелип чыгууда. Анын ичинде башка мамлекетке чыгып кетиши мүмкүн деген версиянын негизинде Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Смирновго эл аралык издөө жарыяланган, - деди Усубакунов.

Июль айында «Хан-Теңири» альплагеринде Сергей Смирнов аттуу киши эки адамды атып өлтүрүп, үчүнчүсүнө бычак сайып, аялды барымтага алып качып кеткен. Эртеси күнү шектүү барымтага алынган аялды бошоткон. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.

Ошондон бери шек саналган адамды издөө иштери жүрүп жатканы менен ал кармала элек. (BTo)