Мектептердин коопсуздугу талкууланат

Нарындагы мобилдүү мектеп. 2019-жылдын 2-сентябры.

Бүгүн Бишкекте мектеп системасынын коопсуздугун талкуулаган жыйын өтөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Абдыманап Дыйканов билдирди. Анын айтымында, форумда жалпы Борбор Азия аймагындагы абал талкууланат.

- Коопсуз жана жакшыртылган окутуу чөйрөсү деген темада аймактык форум болот. Балдар үчүн мектеп инфраструктурасын коопсуз бекем кылып орнотууда Борбор Азия аймагынын кызматташтыгын күчөтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берилет, - деди ал.

Жыйынга Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Түркмөнстандан өкүлдөр келет. Талкууга бийлик өкүлдөрү, эксперттер жана изилдөөчү адистер катышат.

Кыргызстанда эки миңден ашуун мектеп бар. Алардын 200гө жакыны эскилиги жеткендиктен авариялык абалда экени расмий айтылган.

Ал эми Нарындагы контейнерден курулган мектеп коомчулуктун кызуу талкуусуна жана сынына кабылган. (RK)