“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 6-октябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 20…25;
Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;
Нарын дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 1...6 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 8...10, күндүз 22…24 градус болот. Борбордо жаан-чачын жаабайт. (ErN)