Нур-Султан: Шинжаңдагы «лагерлерде» казактар жок

Шинжаңдагы Бээжин «кайра тарбиялоочу лагер» деп атаган жайдын имараты. 14-сентябрь, 2018-жыл.

Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди 4-октябрда Нур-Султанда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кытайдын Шинжаң аймагындагы «кайра тарбиялоочу лагерлерде» казактар жок экенин айтты.

- Биздин президент [Касым-Жомарт Токаев] жакында эле Кытайда мамлекеттик сапарда болду. «Билим берүүчү борборлордо» азыр Кытайда жашаган казактар жок. Бул маалымат жогорку деңгээлде ырасталды, - деген министр мурда ал жакта канча казак камакта болгонун тактаган жок.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео өткөн айда Кытай бийлигинин Шинжаңдагы мусулмандарга карата саясатын «өз элин тыптыйпыл жок кылуу аракети» деп сынга алган.

Бул «саясий тарбия берүүчү лагерлер» тууралуу кабар 2016-жылы таркаган. Ал жакта түмөндөгөн казактар кармалып турганын анда камакта отургандардын туугандары айтып чыгышкан. Кийин Нур-Султан менен Бээжин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, соңку эки жыл ичинде Кытайдан Казакстанга бир нече миң казак кайтарылганы кабарланган. Бийлик өкүлдөрүнүн соңку билдирүүлөрүнө карабай, Шинжаңдагы «лагерлерде» дагы эле миңдеген казактар бар экени айтылууда.

Буга чейин «Кытайдагы кыргыздарды колдоо» комитети андай «лагерлерде» 50 миңдей кыргыз бар экенин кабарлаган. Бээжин «агартуучу, тарбиялоочу борборлордо» шинжаңдыктар коомго интеграция болууну үйрөнүп жатканын айтып келет. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, Шинжаңдагы лагерлерде бир миллиондой адам камакта отурат.