Окуучуну тебелетип кеткен айдоочу камакка алынды

Окуучу кырсыкка кабылган автобус.

Сокулук районунун Күн-Туу айылында 5-класстын окуучусун тебелетип кеткен №18 автобустун айдоочусу кармалып, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Автобус болсо айып токтотмого коюлду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 297-беренеси («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

3-октябрда 5-класстын окуучусу №18 автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип мүрт кеткен. Милициянын маалыматына караганда, бала автобустун алдыңкы эшигинен чыгып баратып кийими машиненин эшигине илинип калган. Ошол учурда айдоочу автобусту бир нече метрге чейин айдап кетип, тестиер автобустун арткы дөңгөлөгүнө тебеленип калган.

Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. (BTo)