АКШда электрондук тамеки 18 өмүрдү жалмады

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда электрондук тамеки тартуунун айынан 18 адам жашоо менен кош айтышып, 1080 кишиде өпкө оорусу аныкталды. Бул тууралуу 3-октябрда Дартка каршы профилактика жана көзөмөл борборунун баяндамасында айтылды.

Маалыматка ылайык, электрондук чылымга байланыштуу учурлар АКШнын 15 штатында болгон. Ооруга кабылып, көз жумгандардын 70 пайызы эркектер жана 80 пайызы 35 жашка чейинкилер. Бойго жете электер 16 пайызды түзөт.

Акыркы айларда АКШда электрондук тамекинин саламаттыкка тийгизген зыяны көп талкууланып, адистер андан баш тартууга чакырып келе жатышат.

Батарея менен жабдылган электрондук чылымдар курамында никотин заты бар суюктукту бууга айландырат. Аны чыгарган компаниялар «кадимки тамекиден кыйла зыянсыз» деген жүйөнү карманышат.