Өзбек ырчылары той-топурда ырчылардын санынын чектелишине нааразы

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда бир катары ырчылар социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу той-топурда, үйлөнүү үлпөттөрүндө ырчылардын санынын чектелишине нааразы болуп жатышат.

Өткөн айда парламент той-топурдун чыгымын азайтуу чаралары камтылган токтом кабыл алган. Ага ылайык, үйлөнүү үлпөттөрүндө музыкалык топтордун саны экиден ашпашы керек жана 250 адамдан көп конок чакырганга болбойт. Ошондой эле үйлөнүү үлпөтүнүн кортежи үч гана машинеден турушу керек.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев буга чейин бир топ жыл чогулткан акчасына бир той бергендерди, тууган-уругунан карызга алып маареке өткөргөндөрдү катуу сынга алып, уяткарган.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Тажикстанда той-топурга мыйзам аркылуу чектөө киргизилген. Аны бузгандарга ири өлчөмдө айып пул салынат.

Кыргызстанда да аш-маарекени, анын чыгымын азайтуу боюнча маал-маалы менен демилге көтөрүлүп келет.