«Аэрофлоттун» топ-менежери камалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Москва соту Орусиянын «Аэрофлот» компаниясынын башкы директорунун орун басары Владимир Александров камакка алынсын деген чечим чыгарды. Ал авиакомпаниядан 250 миллион рубль кымырып алган деп айыпталууда. Бул тууралуу «Москва» агенттиги кабарлады.

Прокуратура Александровду үй камагына алууну суранган. Тергөөчү болсо аны камакта калтырууну өтүндү.

Топ-менежер 2015-2018-жылдар аралыгындагы мыйзам бузулган учурлар үчүн күнөөлөнүп жатат.