Жаштар кыргыз-тажик чек арасында тынчтыкка үндөгөн акция өткөрүүдө

Акциянын алкагында тынчтыкка үндөгөн сүрөт көргөзмөлөрү да уюштурулууда.

Өкмөттүк эмес уюмдар Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарында чыр-чатактардын алдын алуу акциясын өткөрүүдө. Бул тууралуу «Тынчтык өрөөнү» уюму кабарлады.

Мектеп, парк, медресе, стадион жана башка коомдук жайларда өтүп жаткан иш-чаралар октябрдын ортосуна чейин уланат.

Сабырдуулукка үндөгөн спорттук таймаштар, дискуссиялар, түрдүү сынактар өткөрүлүп, эки элдин өкүлдөрү бак отургузушат.

16-сентябрда Баткендин Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.

Кыргызстан түштүк тарабынан Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Чек ара тилкеси толук такталып бүтө элек. (RK)