Айбек Кулчумановго кол салгандардын тек-жайы такталды

Айбек Кулчуманов.

Ошто «Азаттыктын» кызматкери Айбек Кулчумановго кол салып, техникалык жабдуусун карактап алгандардын тек-жайы такталды. Бирок тергөө кызыкчылыгынан улам алардын аты-жөнү жана канча киши экени айтылбай турганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, кол салгандардын баары - мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун туугандары. Бирок ал кишинин өзүнөн же туугандарынан муну тактоого мүмкүн болгон жок.

Кулчуманов 28-сентябрда Ош шаарында телеберүү тартып жүргөн учурда бейтааныш жигиттер аны уруп, техникасын, документтерин тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде шаардык милиция териштирүү ишин баштаган.

«Азаттыктын» буга чейин коррупцияга байланыштуу жүргүзгөн иликтөөлөрүндө Райымбек Матраимовдун аты аталган.

Операторго кол салгандар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданышкан.

Тартып алынган жабдуулар соттун чечими чыкканга чейин милицияда болот. (SE)