Президент Сооронбай Жээнбеков 1-октябрь - Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө байланыштуу куттуктоо таратты.
«Биз улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз. Улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү - азыркы муундун милдети. Мамлекет карыларга кам көрүүнү жылдан-жылга жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди көрүп, алардын жашоосун жеңилдетүүгө умтулат. Карыларыбызга болгон камкордук аркылуу мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу жана коомдун моралдык деңгээли бааланат. Андыктан баарыбыздын алдыбызда чоң жоопкерчилик, ишке ашырыла турган максаттар турат»,- деп жазылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
2018-жылкы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 630 миңден ашуун улгайган адам жашайт. Өкмөт быйыл 1-октябрдан тартып пенсиянын өлчөмүн 7 пайыздан 18 пайызга чейин көтөрдү.
Кыргызстандык улгайган кишилер жөнүндө бул жерде фотобаян көрсөңүз болот: