«Азаттыкка» каршы тараптын адвокаты өзүн «опер» деп тааныштырганы айтылууда (видео)

Айбек Кулчуманов.

«Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салып, техникалык жабдууларын карактаган тараптын адвокаты Амантур Медербек уулуна окшош адам Ош шаардык соттук-медициналык экспертиза борборуна келип, өзүн милициянын ыкчам кызматкери катары тааныштырды. Аны «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков видеого тартып, чоо-жайын сураганга аракет кылган кезде качып кетти. Окуя 30-сентябрда кечки саат 16:10до болду. Соттук-медициналык экспертизада Кулчумановдун саламаттыгынын чоо-жайына байланыштуу текшерүү жүрүп жаткан.


Айбек Кулчумановдун мыйзамдуу өкүлү Анара Мамиева жана кабарчы Ыдырыс Исаков аны өңүнөн таанышканын билдиришти. Өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Анын алдында ал «Т-Медиа» каналына интервью берип, «Азаттыктын» оператору бирөөнүн менчик турак-жайын уруксатсыз видеого тартканын билдирген.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренеси 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасма тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Матраимовдун өзүнөн бул туурасында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Тартып алынган жабдуулар милицияда.

Кулчумановго кол салгандардын бири Райымбек Матраимовдун жакын тууганы экени аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди. Бирок тергөө кызыкчылыгына байланыштуу анын аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок.

«Азаттык» буга чейин коррупцияга байланыштуу жасаган иликтөөлөрүндө Райым Матраимовдун аты аталган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун бир тууганы. (SE)