Жалал-Абад: Өнүктүрүү фонду төрт млн. сомдук техника сатып берди

Көк-Ирим айыл аймагына комбайн сатылып берилди.

Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фонду Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим айыл аймагына 4,1 млн. сомго жаңы комбайн алып берди. Фонддун директору Танзилия Сатимова «Азаттыкка» билдиргендей, аймакта комбайндын жоктугун жана шарттын катаалдыгын эске алып ушундай чечим кабыл алынган.

Буга чейин жергиликтүү фермерлер Сузак районунан комбайн чакырып, эгинин жыйнап келишкен. Техниканын жоктугунан эмгеги текке кеткен учурлар да болгон.

- Техниканын келиши менен аймакта иштетилбей жаткан айдоо аянттары да азаят, - деди Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысы Кадырбек Эпеев.

Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фонду 2014-жылы уюштурулган. Былтыр кен казуудан түшкөн пайдадан 63 млн. сом чогулган. Быйыл жыл соңуна чейин 69 млн. сом түшөт деп пландалууда.

Башкармалык менен байкоочу кеңештин мүчөлөрү өкмөттүк эмес уюмдардан жана райондогу өнүктүрүү фонддорунан тандалып алынат.

Фонд быйыл бардык райондордон келген 40тан ашык долбоордун ичинен тандалган 19ун каржылап жатат. (RsK)