Финансы полициясы өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борбору боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады. Бул тууралуу 30-сентябрда "Азаттык" радиосуна Финполдун маалымат катчысы Анастасия Пискур билдирди:
- Бизде сотко чейинки өндүрүш Соттук өкүлчүлүк борборунун кызмат адамдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча жүрүп жатат. Финансы министрлигинен тиешелүү документтер алынды.
Ал эми Финансы министрлиги тараткан маалыматта кеп Соттук өкүлчүлүк борборуна мамлекет бөлгөн каражаттын туура эмес пайдаланылышы боюнча териштирүү тууралуу болуп жатканы айтылат. Кагаздар министрдин иш бөлмөсүнөн эмес, кызматтык документтер сакталуучу жайдан алынган.
«Кагаздарды алууга министр Бактыгүл Жээнбаева өзү уруксат берген. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) тергөө органдары сотко чейинки өндүрүш алкагында тиешелүү документтерди Жазык-процесстик кодекстин негизинде алышты. Министрдин иш бөлмөсүндө тинтүү болгон жок» деп билдирди министрлик.
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 30-сентябрга Финансы полициясына суракка чакырылганын «Азаттыкка» өзү ырастаган, бирок иш сапар менен чет мамлекетке кетип жатканын билдирген. Бүгүн ал президент баштаган делегациянын курамында Ереванга ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. (RK)