«Азаттыктын» каракталган жабдуулары тергөөчүгө өткөрүлүп берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында каракталып, тартылып алынган «Азаттыктын» жабдуулары актынын негизинде тергөөчүгө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, жабдуу окуяга байланыштуу далил буюмдар катары тергөө кызматында болот. Тергөөнүн же соттун чечиминин негизинде ал ээсине, «Азаттык» радиосуна кайтарылып берилет.

Ишембиде Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов берүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон жигиттер журналисттин артынан келип сокку уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан. Андан соң опузалап, «Райымбек Матраимовдун үйүн тартууга ким тапшырма берди?» деп суракка алышкан. Мындан кийин автоунааларына отуруп белгисиз жакка кетип калышкан.

«Азаттыктын» журналистинин арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

28-сентябрда кечки сегиздер чамасында тартып алынган техниканы үч жигит жактоочусу менен кошо милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» билдиргени боюнча, журналисттин видео тартчу техникасын тартып алган экинчи тарап да арыз жазды.

Дарыгерлер 28-сентябрда Ош шаарында белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылган «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановдун ден соолугун текшеришкен. (КЕ)