30-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 16…21;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 16…18 градус болот.