Норвегияда кармалгандардын ичинде кыргызстандыктар бар-жогу такталууда

Норвегиядагы полициянын машинеси.

Норвегияда миграциялык мыйзам бузуу менен кармалган казакстандыктардын арасында кыргыз жарандары бар-жогу расмий органдар аркылуу такталууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Берлиндеги кыргыз элчилигинин өкүлү билдирди.

- Норвегияда биздин элчилик жок. Консулдук кызматтар Берлинде көрсөтүлөт. Норвегияда кыргыз жарандары кармалган расмий маалымат келе элек. Медиага чыккан маалымат боюнча биз тиешелүү органдарга кайрылып, тактайбыз, - деди консулдуктун кызматкери Мират.

«Азаттык» радиосуна Норвегияда миграциялык мыйзам бузуу менен кармалгандардын арасында кыргызстандыктар да бар экенин, аларды Европага виза жасаган туристтик агенттик алдаганын айткан, өзүн кыргызстандык катары тааныштырган адам видео тартып жөнөттү.

«Документтерибиздин мөөнөтү бүтүп калган. Кээ бириники эки жума, кээ бириники бир ай жана 45 күндүк. Азыр биз камактабыз. Казак элчилигинен келишти. Бизди алып келген агенттиктин Прагада кеңсеси бар. Алар адамдарды алдап жатышат. Күнүнө ондогон адамдар «Европада жумуш таап берет» деп 5-6 миң евро төлөп, кайрылат», - дейт видеодогу адам.

Иммиграциялык мыйзамдарды бузган 68 чет өлкөлүк камакка алынганын норвегиялык VG басылмасы полицияга шилтеме кылып 25-сентябрда жазган. Анда басымдуусу казакстандыктар, алтоо Кыргызстандын жана экөө Орусиянын жараны экени кабарланган. Аларды полиция Эйдсволл шаарчасындагы мейманканада кармаган. (LzT/KE)