Грузин парламенти: аял депутат эркек кесиптешин жаакка чапты

Эка Беселияны Вано Зардиашвилинин сөздөрү ыза кылган.

Грузияда парламенттин Юридикалык маселелер боюнча комитетинин 26-сентябрдагы жыйынында уруш чыкты. Жогорку Соттун судьяларына талапкерлер каралып жаткан чакта, депутат айым Эка Беселия "Грузин кыялы" фракциясынын депутаты Вано Зардиашвили экөө катуу уруша кетип, Беселия айым Зардиашвилини жаакка чапты.

Эко Беселия ушул жылдын башында анын жеке жашоосу тууралуу тымызын тартылып жарыяланып кеткен видео тасма тууралуу, Вано Зардиашвили сөз кылганына катуу ызаланып, кол көтөргөн.

Ал бул окуяга байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "эч кимден кечирим сурабасын" айтты жана "Грузин кыялы" партиясынын лидери Бидзина Иванишвилини Зардиашвили аркылуу "атайылап чагым уюштурду" деп айыптады.

Беселия "Грузин кыялы" башкаруучу партиясынан ушул жылы жазында чыгып кеткен. Анын алдында парламенттеги комитеттин төрайымы кызматынан алынган. Ал партияны жеке жашоосуна байланыштуу видео тасманы тымызын тартып алып, интернетке жарыялап жиберди деп айыптаган.

Тбилисиде айрым жарандык активисттер Беселияны колдоп, 27-сентябрда парламенттин алдында митинг өткөрүшөрүн белгилешкен.