Песков: Кремль Путин менен Трамптын телефон сүйлөшүүсү купуя сакталарына ишенет

Дмитрий Песков.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ-Украина президенттеринин телефон сүйлөшүүсү ачыкка чыкканына байланыштуу комментарий берди. Ал 27-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "Москва менен Вашингтондун алака-катышы ушул өңдүү жагдайга кептелбейт" деп үмүттөнөрүн айтты.

Песков дипломатиялык эреже боюнча эки лидердин телефон сүйлөшүүсүнө "өтө жашыруун" деген белги коюларын, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүсү эки тараптын макулдугу менен жарыяланганын белгиледи.

АКШда бул сүйлөшүүдөн улам саясий жаңжал чыкты. Трамп менен Зеленский 25-июлда телефондон сүйлөшкөн. Анда Трамп өзүнүн саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулунун Украинадагы иштерин иликтөөгө чакырган. Курамында демократтар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасы президентти "ыйгарым укуктарынан аша чапты" деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын башташты. Трамп муну "президентке ыдык көрсөтүү" деп атап келет.