Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарындагы жумуш сапарларын улантууда. Бүгүн 26-сентябрда мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунда болот.
Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушат.
Мындан тышкары, экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат. (RK)