Москвада эки өзбек жараны полиция сабаганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Москва облусунун Балашиха шаарында эки өзбекстандык оор жараттары менен реанимацияга түштү. Алардын айтымында, полиция кызматкерлери күтүүсүздөн алар турган батирге кирип келип, акча доолап эки саат сабашкан. Токмоктон качкан эки мигрант экинчи кабаттын терезесинен секирип качууга аракет кылышкан. Окуя 20-сентябрдын кечинде болгон.

Төрт өзбекстандык жаран кыргызстандык Умаровдун үйүндө конокто отурушкан. Алардын айтымында, полиция кызматкерлери төртөөнү тең башка-көзгө койгулашкан. Ооруканага түшкөн жабырлануучуларга эртеси күнү аларды сабаган укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келип, эч ким коркутуп-үркүтпөгөнү тууралуу тилкатка кол коюп берүүнү талап кылышкан.

Жергиликтүү полиция бул тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

Укук коргоочу Валентина Чупик мигранттардын атынан Москва облусунун Тергөө комитетине жана башка тиешелүү мекемелерге арыз жиберди.