Түркия Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери 600 млн. доллардан ашык инвестиция салды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумунда билдирди.
Өлкө башчынын маалыматына караганда, 2018-жылы Түркиядан 93 млн. доллар инвестиция келген. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы жылдык товар алмашуу 400 млн. долларды түзөт.
- Биз Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшкөндө товар жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүүнү сүйлөшкөнбүз. Бул үчүн эки мамлекеттин жана ишкерлердин да аракети керек, - деди Жээнбеков.
Президент Жээнбеков Кыргызстанда инвесторлорго бардык шарт түзүлүп, бир топ жеңилдиктер берилгенин белгилеп, түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга чакырды. Ал өлкөдө инвесторлордун укуктары толук корголгонун, алардын мүлкү кол тийгис экенин айтты.