Кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү эл чогуу футбол ойноду

Футбол таймашы. 23-сентябрь, 2019-жыл.

Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын кыргыз-тажик чек арасында талаштуу деп сөз болуп жаткан спорт аянтчасында эки тараптан чогулган жаштар үчүн футбол таймашы уюштурулду.

23-сентябрда өткөн оюнга Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов менен Тажикстандын чектеш Гафуров районунун жетекчиси Зариф Назири да катышты. Алардын айтымында, эми мындан ары эки тарап бул аянтчаны биргелешип пайдаланмай болушту.

Бүгүнкү оюнга катышкан командалар эки тараптан аралашып түзүлдү.

16-сентябрда кечке маал Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жараат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.

Ошол окуядан кийин бул спорттук оюн эки тараптын өкүлдөрү биргелешип уюштурган алгачкы иш-чара болуп калды. (JsA)