Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду (видео)

Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен жеңишти багындыргандан кийинки мүнөттөрдө.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти.

Тыныбекова беттештин биринчи айлампасында 2:1 эсебинде алдыга чыкты. Экинчи айлампа ортолоп калганда Айсулуу дагы бир упайга ээ болду. Андан соң болгариялык балбандын эсебине эки упай жазылып, эсеп теңеле түштү. Беттештин бүтөрүнө 20 секунд калганда Айсулуу упай алууга болгон аракетин күчөттү. 10 секунд ичинде эки упайлык ыкма жасоого жетишип, жыйынтыгында алтын байгенин ээси болду.

Тыныбекова финалдык беттешке чейин 19-сентябрда төрт беттеш өткөргөн. Алгач мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеңди. 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, экинчи бөлүктө атаандашынын далысын килемге тийгизип, таза жеңишке жетти.

Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде жеңишке жетти. Жарым финалга чыгуу менен Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды.

Жарым финалда түндүк Кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

62 кг. Жарым финал. Айсулуу Тыныбекова - Жоң Сим Рим 7:0

Тыныбекова күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык кыз, андан тышкары дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык балбан. Буга чейин грек-рим күрөшчүлөрү Канат Бегалиев (66 кг. 2006-ж.) жана Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын (55 кг. 2018-ж.) финалына чыгып, жыйынтыгында экөө тең күмүш байге алганы Кыргызстандагы эң мыкты көрсөткүч катары эсептелип келген.

Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарына катышып, 5-орунду алган. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2017-жыл). Азиянын үч жолку чемпиону.

Бул ирет Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан төрт балбан кыз барган. 18-сентябрда Айпери Медет кызы менен Нураида Анаркулова килемге чыгып, мелдешти байгесиз жыйынтыкташты. 17-сентябрда 55 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Мадина Надирова да мелдештен четтеген. Мелдеш 22-сентябрда жыйынтыкталат.

Бул чемпионатта 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына катышууга укук берген жолдомолор ойнотулууда. Тактап айтканда грек-рим күрөшү (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг), эркин күрөш (57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн (50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг) алты салмак категориясы боюнча алдыңкы беш орунду ээлегендерге жолдомо берилет.