АКШда баш калкалап жүргөн пакистандык укук коргоочу күрөшө берерин билдирди

Цензурага каршы чыккан журналисттер. Пакистан, Пешавар. 16-июль, 2019-жыл.

Бир нече ай мурун АКШга качып келген укук коргоочу Гүлалай Исмаил Пакистанда демократия орнотуш үчүн күрөшүн токтотпосун билдирди.

- Мен күрөштү андан ары улантыш үчүн качып келгенмин. 15 жылдан бери элимдин укугу үчүн күрөшүп жүрөм, мен аны улантам, - деди Исмаил «Машаал» радиосуна.

Исмаил өткөн жылы августта Пакистанда митингге катышкандан кийин «мамлекетке каршы ишмердүүлүк кылган» деп куугунтукталган. Ал Нью-Йоркко келип, качкын макамын сураган. Укук коргоочу өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн, досторунун коопсуздугунан кабатыр болуп жатканын айтты.

Исмаил АКШга Шри-Ланка аркылуу келген. Бул өлкө менен Пакистан визасыз режимде.