Асанов: Атамбаевге моралдык жана каржылык колдоо көрсөткөндөргө баа берилет

Памир Асанов.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таш окуялары учурунда моралдык, каржылык колдоо көрсөткөндөргө юридикалык баа берилет. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Памир Асанов Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын бейшемби күнү өткөн жыйынында, Исмаил Исаковдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, тергөө органында Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө жүргөн тарапташтарына мал союп, каржылык колдоо көрсөтүп тургандар тууралуу маалыматтар бар.

Комиссиянын мүчөсү Исмаил Исаков эмнеге милиция кызматкерлери каска, атайын форма кийип барбаганына кызыкты. ИИМдин орун басары, полковник Алмазбек Орозалиев ал учурда Балыкчыда болгонун, милиция кызматкерлеринин ишин Курсан Асанов көзөмөлдөп турганын айтты.

Комиссиянын суроолоруна жооп берип жатып Памир Асанов менен Алмазбек Орозалиев Курсан Асанов алып чыгып кетти деген баштык, анын качып кеткени айтылган баласы боюнча маалыматы жок экенин билдиришти.

Жыйында белгилүү болгондой 7-8-августта Кой-Ташта жана андан кийин Бишкектеги башаламандык боюнча жалпысынан 52 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде 16 киши кармалган. Алардын бешөө “Бейбаштык” беренесинин негизинде камалган. Ошондогу окуялар 8 млн 200 миң сомдон ашуун зыян алып келген.

Памир Асанов Кой-Таштагы окуялар учурунда ИИМдин Тергөө кызматын башкарган. Кийин Курсан Асановдун ордуна министрдин орун басары болуп дайындалган.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (КЕ)