Кодуранова Кой-Таш окуясы боюнча комиссия менен иштешүүдөн баш тартты

Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын жыйыны. 19-сентябрь, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Асел Кодуранова Кой-Таш окуясы боюнча комиссия менен иштешүүдөн баш тартты. Бул тууралуу комиссиянын 19-сентябрдагы жыйынында айтылды.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө болгон окуя боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев маалымат берип жатат. Бүгүнкү жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина да чакырылган.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук саясий ишмерлер, эксперттер кирген.

Буга чейин комиссия мүчөлөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында көчмө жыйын өткөрүшкөн. Анда УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүн документтер топтому, анын ичинде «өтө жашыруун» деген маалыматтар менен тааныштырган.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (КЕ)