Мадумаров Айбалаевди дебатка чакырды (видео)

Адахан Мадумаров.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаевди жана бийлик өкүлдөрүн теледебатка чакырды. Бул тууралуу Мадумаров «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө билдирди. Анын айтымында, 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган учурда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протоколго туура кол коюлган.

Мадумаров бул протоколдун уландысы катары 2009-жылы декабрда кол коюлган документти ачыкка чыгарууга чакырды.

Ал эми телекөрсөтүүгө катышкан Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Мадумаров кол койгон протокол боюнча абдан көп суроо болуп жатканын белгилеп, ал документти Жогорку Кеңеш тааныбай турганын билдирди.

Аталган протоколдун мазмунунда Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоп, ал жерге көпүрө салыш үчүн дарыяны жээктей кеткен 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун Кыргызстанга алуу маселеси макулдашылган.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев ал жолду алып өтүш үчүн тажик тарап менен 10 жыл мурун түзүлгөн протокол талаш-тартышка негиз болгонун, Жака-Өрүккө чейинки 275 метр жерди ижарага алуу боюнча Мадумаров тиешелүү протоколго кол коюп салганын айткан эле. (BkA)