Кыргызстандын аймагында 19-сентябрда жамгыр жаабайт. Шамалдын багыты улам өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 24…29°;
Таласта түнкүсүн 4…9°, күндүз 23…28°;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 11…16°, күндүз 26…31;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9°, күндүз 16…21°;
Нарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 17…22°;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 3…8° болот.
19-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты улам өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 27…29° жылуу болот.