Түркмөнстанда мурдагы соода министри соттолду

Мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөн видеоматериал.

Түркмөнстанда мурдагы соода жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча министр Амандурды Ишанов коррупциялык иштер боюнча соттолду. Ал жакында эле кызматтан алынган болчу. 13-сентябрда мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөн видеоматериалда колуна кишен салынган Ишанов баштаган бир канча адам жемкорлук жана башка кылмыштарды мойнуна алышкан.

Алардын видеосу чоң монитордон өкмөттүн жыйыны учурунда да көрсөтүлгөн. Жыйында башкы прокурор Батыр Атдаев президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун жетекчилиги менен жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөш тууралуу маалымат берген.

Мурдагы министр Амандурды Ишанов өзү бир канча жылдан бери коррупциялык иштерге аралашып келгенин, аны белгилүү ишкер, мамлекеттик бир канча компанияны жетектеген Чарымухаммед Кулов менен чогуу жасаганын моюнга алган.

Видеотасмада Ишанов жана башка адамдарга өкүм чыкканы айтылганы менен, анын майда-бараты, качан сот болгону тууралуу эч кандай маалымат берилген жок.

Атын атагысы келбеген түркмөнстандык бир канча адам эл алдында кылмышын моюнга алуу - бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн далилдөөгө багытталган спектакль сыяктуу көрүнүп жатканын белгиледи.